Кыргыз Республикасына аты таанымал, белгилүү журналист жана жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер “Ош жаңырыгы ” гезитинин башкы редактору Моңолбаев Талантбек Шарипович гүлгүн жаш курагында, чыгармачылык сересинин ту чокусунда турган кезинде капилеттен оорунун айынан 2013-жылдын 16-декабрында бул жарыкчылык менен коштошту. Бул үй-бүлөсү жана жамааты үчүн, коомчулук үчүн орду толгус жоготуу.
Archive for Жаңылыктар
«Манас» үчилтиги ЮНЕСКОнун Маданий мурастарынын тизмесине Кыргызстандын атынан катталды
Ата-бабалардан баа жеткис байлык катары мураска калган Манас эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине Кыргызстандыктардын атынан катталды. Маалыматка ылайык, ЮНЕСКОнун Өкмөттөр аралык комитетинин кезектеги 8-жыйынында угузулган кубанычтуу кабарды уккан соң кыргызстандык топту баштап барган Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков ЮНЕСКО өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди. Ал жерде кыргызстандык кичинекей манасчы Манас айтып, андан ары манасчылар улап кетишти. Азербайжандын Баку шаарында өткөн бул жыйынга 164 мамлекеттин өкүлдөрү катышышты. Бул ийгиликке жетүүдө Жогорку Кеңештин депутаты, ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссияны жетектеп барган Карганбек Самаков баштаган топтун эмгеги чоң экенин белгилеген Жогорку Кеңештин төрагасы А.Жээнбеков кыргыздын маданий элчиси катары анын ат көтөргүс иш жасаганын баса белгилеп, жалпы кыргызстандыктарды бул сыймыктуу окуя менен куттуктады.
Вице премьер-министр Т. Сарпашев Ошто
Кыргыз Республикасынын вице премьер-министри Т.Сарпашев иш-сапары менен Ош облусунда болду. Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө облустагы жана шаардагы укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Б.Юсупов, Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу А.Байгазаков катышышты.
Чыңгыз Айтматовдун туулганына 85 жыл
Ош мамлекеттик юридикалык инстиутутунда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылык дүйнөсүнө арналган тегерек стол уюштурулду. Мында катышкан студенттер менен мугалимдер жазуучунун басып өткөн өрнөктүү өмүр жолу жана терең мазмундуу чыгармалары боюнча ой бөлүштү. Айрыкча чыгармаларындагы патриотизм, гуманизм темаларындагы образдар боюнча кызуу талкуулар жургузүлдү. Бул күнү катышуучулар Айтматовдун чыгармаларындагы каарамандарды чагылдырган сүрөттөрдүн көргөзмөсүнө да күбө болушту.
«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине караштуу Өзгөндөгү филиалындагы жерине мамлекеттик акт берилди
2013-жылдын ноябрь айында «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин филиалы болгон Өзгөн шаарындагы археологиялык-архитектуралык музей комплексине жагымдуу иш болду. Анткени мамлекеттик актыда аянты 3,83 гектар болгон жер толугу менен мөөнөтсүз колдонууга музейдин карамагына өткөрүлүп берилди.
Өткөндөрдү эскерүү – тирүүлөрдүн милдети
Ооган согушу ХХ кылымдын 1989-жылдарында болуп өтсө да ушул күнгө чейин өзүнүн кесепеттерин унуттурбай келет. СССР деген улуу державада жашаган 15 республиканын ар биринен жоокерлер Ооган жеринде интернационалисттик милдетин өтөп келишкен. Канчасынын сөөгү темир табытта келбеди дейсиң. Канчалаган кырчын өмүрлөр кыйылып, канчалаган эне зар какшап, көз жаш төгүп, кан жутту. Ооган апааты ушундай унутулбас дак калтырып кетти.