«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине караштуу Өзгөндөгү филиалындагы жерине мамлекеттик акт берилди

2013-жылдын  ноябрь айында «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин филиалы болгон Өзгөн шаарындагы археологиялык-архитектуралык музей комплексине жагымдуу иш болду. Анткени мамлекеттик актыда аянты 3,83 гектар болгон жер толугу менен мөөнөтсүз колдонууга музейдин карамагына өткөрүлүп берилди.

Өзгөн шаарындагы археологиялык-архитектуралык музей комплексинде XI-XII кылымга таандык бир мунара жана эки күмбөз бар. Алар ушул күнгө чейин мамлекеттик актысы жок болуп келсе, 2012-2013-жылдын ичинде башкы музей «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинин башкармалыгы, Өзгөн шаарынын мэриясы, Өзгөн райондук администрациясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облустук ыйгарымдуу Өкүлчүлүгүнүн аракеттери менен ийгилик болду.

Бул мамлекеттик акт түздөн-түз тарыхый-маданий мурасыбызды кийинки муундарыбызга сактоонун жана Өзгөн музей комплексиндеги туристтик инфраструктуранын мындан ары өнүгүшүнүн кепилдиги болот десек жаңылышпайбыз.

А.НУРДИНОВ

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *