Ооган согушу ХХ кылымдын 1989-жылдарында болуп өтсө да ушул күнгө чейин өзүнүн кесепеттерин унуттурбай келет. СССР деген улуу державада жашаган 15 республиканын ар биринен жоокерлер Ооган жеринде интернационалисттик милдетин өтөп келишкен. Канчасынын сөөгү темир табытта келбеди дейсиң. Канчалаган кырчын өмүрлөр кыйылып, канчалаган эне зар какшап, көз жаш төгүп, кан жутту. Ооган апааты ушундай унутулбас дак калтырып кетти.
Archive for December 2013
Суу болсо түшүм мол болот
Минасидин Аскаров 1992-жылдан 2001-жылга чейин Ноокат районундагы Найман суу сактагычында суу инженери, кийин башкы инженер, 2001-2003-жылдары Ноокат райондук суу чарба башкармасында долбоордо башкы адис, 2003-2008-жылдардын аралыгында Ош облустук бассейндик суу чарба башкармасында башкы инженер болуп үзүрлүү эмгектенди. 2008-жылдан тартып Ноокат райондук суу чарба башкармасынын башчысы болуп иштеп келе жатат.
Ийгилик изденүүдөн жаралат
Сатыбалдыева Багда 1958-жылы Кыргыз-Ата айылында туулган. Орто мектепти аяктаган соң, 1974-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна тапшырып, аны 1978-жылы ийгиликтүү аяктаган. Адистиги математика мугалими. Ушул эле жылы «Кызыл-Теит» орто мектебинде математика мугалими болуп иштеп, агартуу айдыңына өз чыйырын салган. Өзүнүн 35 жылдык эмгек стажында ал билим уясынан көптөгөн жаш жеткинчектерди учурган. Азыр ал окуткан окуучулар республикабыздын булуң-бурчтарында мамлекеттик жумуштарда иштешүүдө.