Суу болсо түшүм мол болот

Минасидин Аскаров 1992-жылдан 2001-жылга чейин Ноокат районундагы Найман суу сактагычында суу инженери, кийин башкы инженер, 2001-2003-жылдары Ноокат райондук суу чарба башкармасында долбоордо башкы адис, 2003-2008-жылдардын аралыгында Ош облустук бассейндик суу чарба башкармасында башкы инженер болуп үзүрлүү эмгектенди. 2008-жылдан тартып Ноокат райондук суу чарба башкармасынын башчысы болуп иштеп келе жатат.

Эмгегинин үзүрүн көрүп, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары жана мелиорация боюнча департаментинин Ардак грамотасы, «Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана суу чарба министрлигинин мыктысы» төш белгиси менен жана Ош облустук жана Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланган. Минасидин Аскаров Бишкек шаарындагы Скрябин атындагы айыл чарба институтунун гидромелиорация бөлүмүн аяктаган.

Өз кесибинин ысыгына да, суугуна да моюн сунуп иштеген жетекчинин суу тармагында иштегенине бир топ жылдын жүзү болуп калды.

Суу системасында иштөө жооптуулукту талап кылган кесип.

Изилдөөчүлөрдүн айтымына караганда, жылдан-жылга кардын аз жаагандыгынан, абанын бузулушунан улам тоолордогу мөңгүлөр азайып баратат. Быйылкы жылдын башынан эле суунун аз келиши, тактап айтканда май айына чейин дарыяларга суу аз келгендигин айтып кетүүгө болот. Дыйкандарга эгиндерин сугаруу үчүн кезек-кезеги менен суу берилип жатты. Бел жана Он-Эки-Бел айыл өкмөтүндө жашаган айрым бир дыйкандар пайдаланылган сууга акыны өз убагында төлөбөгөндөр да бар.

Ноокат райондук суу чарбасында көп жылдан бери иштегендердин катарына Шарабидин Баратов, СПАларды өнүктүрүү боюнча башкы адис Азамат Касымов, Олжобай Ботошев, Гүлсана Мураталиева сыяктуулар өз иштерине жоопкерчилик менен мамиле жасашат.

Ноокат райондук суу чарба башкармасында 76 адам эмгектенет. 113.8 км чарбалар аралык каналы, 110 даана суу өлчөөчү гидропосттору жана 269 даана гидротехникалык курулмалары аркылуу 16066 га сугат жер аянтын сугат суу менен тейлейт.

2013-жылдын вегетациялык мезгилине карата 3636,1 миң сомдук иш чарасы каралып, түзүлгөн план график боюнча бүгүнкү күндө аткарылганы 2415,2 миң сомду түздү. Атап айтканда Катта-Көтөрмө каналында 221,9 миң сом, Жийде-Арык каналында 100,4 миң сом, Кыргыз-Ата каналында 416,5 миң сом, Базар-2 каналында 210,0 миң сом, Күнгөй каналында 82,1миң сом, Сапарбаев-1 каналында 201,1 миң сом, Сапарбаев-2 каналында 345,7 миң сом, Грей Шорон каналында 387,0 миң сом жана Ходжа каналы боюнча 450,5 миң сомдук жумуштар аткарылып, сугат мезгилинде дыйкандардын эккен эгиндерин үзгүлтүксүз камсыз кылууга аракеттер көрүлдү.

Суу пайдалануучуларга чарбалар аралык каналдар аркылуу 2013-жылга карата пландаштырылган берилүүчү жалпы сугат суусу 11175 миң м3 же болбосо 3007,7 миң сомго түзүлгөн. 1-майга СПАлардын эгин талааларына план боюнча 13561 миң м3 каралып, 3113 миң м3 суу араң берилген 93,4 миң сомдук сугат суу менен камсыздалып, 1860 га эгин аянты сугарылды.

Ички сугат булактарынан СПАлардын пландарындагы 4592,0 миң м3 сууну пайдалана турган болсо, андан 4192 миң м3 пайдаланышып, планды 60% га аткарышып 1548 га сугат жер аянты сугарылган.

Үстүбүздөгү жылы сугат суунун тартыш болушу күтүлөт деген маалыматтар келүүдө. Атап айтканда, өткөн жылга салыштырмалуу Кошчан-Сай, Кыргыз-Ата, Чили-Сай, Абшыр-Сай жана Исфайрам-Сай дарыяларына суу эки жарым, үч эсе аз киргендигине байланыштуу бир топ кыйынчылыктар болду. Ошондуктан, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан №97-буйругу кабыл алынып, райондун айылдык аймактарындагы СПАлар ортосунда Кыргыз-Ата жана Абшыр-Сай дарыясы аркылуу сугат сууну алуу үчүн кезек ыкмасы түзүлүп, сугат суу алууга СПАлар менен макулдашылды.

Быйылкы жылы Ноокат районунун аймагындагы ички каналдарга донорлордун жардамы менен бир топ жумуштар аткарылды.

USAID эл аралык уюмунун «өткөөл мезгилдердин демилгеси» (IRG) программасынын жардамы менен Жаңы-Ноокат айылдык аймагындагы Гезарт СПАсынын Кызыл ички каналынан сугат суу менен камсыз болгон Тажик-Кыштак жана Кызыл-Тейит айылдарынын суу пайдалануучуларынын ортосунда, Гулистан айылдык аймагындагы Асир СПАсынын Орто-Арык ички каналынан сугат суу менен камсыз болгон Тажик-Кыштак жана Беш-Коргон айылдарынын суу пайдалануучуларынын ортосундагы чыр-чатактарын чечүү жана сугат суу менен туруктуу камсыз кылуу максатында, Кызыл жана Орто-Арык ички каналдарынын баш жагына USAID тарабынан долбоордук сметалык иш- кагаздары даярдалып, 2013-жылдын апрель-май айларында жалпы сметалык баасы 3300,0 миң сомдук эки даана башкы суу алуучу курулма курулуп пайдаланууга берилди.

Швейцариялык «Хельветас» эл аралык уюму каржылаган СЭП (сууну эффективдүү пайдалануу) долбоору тарабынан бир каналдан сугат сууга байланышкан чыр-чатактарды жоюу максатында Он-Эки-Бел айыл аймагындагы Мөлтүр-Суу СПАсы, Төөлөс айыл аймагындагы Төөлөс-Ноокат СПАлары тандалып алынып, жалпы сметалык баасы 292,0 миң сомго СПАнын аткаруу органына жана суу пайдалануучуларга окуу семинарлары, тегерек столдор өткөрүлүп, эски Герей-Шорон каналындагы «Отв». №1, «Отв». №2, «Отв» №3 жана Куйбышев ички каналдарында суу бөлүүчү жана суу өлчөөчү курулмаларды куруу жагынан жумуштар аткарылып жатат.

Бүткүл дүйнөлүк Банк каржылаган «Экинчи ички чарбалык сугат» долбоору тарабынан Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Гезарт СПАсы тандалып алынып, ички каналдарда кайра калыбына келтирүү жумуштарын аткаруу максатында долбоор тарабынан долбоордук сметалык иш-кагаздарын бүтүрүү алдында турушат.

Андан сырткары чарбалар аралык Жийде каналынан сугат суу менен камсыз болгон Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы Жийде-Арык СПАсынын суу пайдалануучулары жана А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы Барын СПАсынын суу пайдалануучуларынын ортосунда сугат мезгилинде сугат сууга байланыштуу бир топ чыр -чатактар пайда болууда. Себеби, чарбалар аралык Жийде каналы сууну Кыргыз-Ата дарыясынан алып, ал каналдын баш жагы инженердик түрдө болбой же болбосо башкы суу алуучу курулма жок болгондуктан, сугат сууну алуу же табигый кырсык учурунда каналдын баш жагы жабыр тартып бир топ орчундуу маселелерди жаратууда. Ошондуктан ушул маселени чечүү максатында Жийде каналынын баш жагына башкы суу алуучу курулма куруу керек. Ошондо гана чыр-чатактарга байланышкан бир топ маанилүү маселелер чечилиши мүмкүн.

Бурма ЫСАКОВА

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *