Кыргыз эли өзүнүн меймандостугу жана сөз баккан улуулугу менен башкалардан айырмаланып турат. Акынмын дегендер эле эмес, ар бир кыргыз жамактатып сөз айтып, ыр жандуу. Айтайын дегеним, Турсуналы Матазимов деген ысымды көпчүлүк буга чейин дарыгер катары эле тааныган болсо, окурман журту азыр аны ыр жазган акын катары да жакшы таанышат. Жакында анын калемине таандык “Мен дарыгер” аталыштагы ырлар жыйнагы жарык көрдү. Анда автордун өзүнүн чыныгы турмуштан алынып жазылган ой толгоолору, мааракелик каалоо тилектери жана сатиралык ыр саптары киргизилген.
Archive for December 2013
«Манас» үчилтиги ЮНЕСКОнун Маданий мурастарынын тизмесине Кыргызстандын атынан катталды
Ата-бабалардан баа жеткис байлык катары мураска калган Манас эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине Кыргызстандыктардын атынан катталды. Маалыматка ылайык, ЮНЕСКОнун Өкмөттөр аралык комитетинин кезектеги 8-жыйынында угузулган кубанычтуу кабарды уккан соң кыргызстандык топту баштап барган Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков ЮНЕСКО өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди. Ал жерде кыргызстандык кичинекей манасчы Манас айтып, андан ары манасчылар улап кетишти. Азербайжандын Баку шаарында өткөн бул жыйынга 164 мамлекеттин өкүлдөрү катышышты. Бул ийгиликке жетүүдө Жогорку Кеңештин депутаты, ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссияны жетектеп барган Карганбек Самаков баштаган топтун эмгеги чоң экенин белгилеген Жогорку Кеңештин төрагасы А.Жээнбеков кыргыздын маданий элчиси катары анын ат көтөргүс иш жасаганын баса белгилеп, жалпы кыргызстандыктарды бул сыймыктуу окуя менен куттуктады.
Вице премьер-министр Т. Сарпашев Ошто
Кыргыз Республикасынын вице премьер-министри Т.Сарпашев иш-сапары менен Ош облусунда болду. Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө облустагы жана шаардагы укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Б.Юсупов, Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу А.Байгазаков катышышты.
Чыңгыз Айтматовдун туулганына 85 жыл
Ош мамлекеттик юридикалык инстиутутунда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылык дүйнөсүнө арналган тегерек стол уюштурулду. Мында катышкан студенттер менен мугалимдер жазуучунун басып өткөн өрнөктүү өмүр жолу жана терең мазмундуу чыгармалары боюнча ой бөлүштү. Айрыкча чыгармаларындагы патриотизм, гуманизм темаларындагы образдар боюнча кызуу талкуулар жургузүлдү. Бул күнү катышуучулар Айтматовдун чыгармаларындагы каарамандарды чагылдырган сүрөттөрдүн көргөзмөсүнө да күбө болушту.
Өнүгүү жолундагы мектеп
Акбилек Мамажунусова – 1959-жылы Ноокат районуна караштуу Кареке айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин 1976-жылы Ош мамлекеттик педагогика институтунун педагогика жана башталгыч класс бөлүмүн аяктаган. Өзүнүн эмгек жолун «Айбек» орто мектебинде башталгыч класс мугалими болуп иштеп баштаган. 13 жыл катардагы мугалим болуп иштеп, окуучуларга тарбия-билим берип, тажрыйба топтогон. 1994-жылы өзү демилге көтөрүп Кареке айылында «Кареке» башталгыч мектебин ачып, мектеп башчысы болуп иштеп турган 2005-жылы бул башталгыч мектеп орто мектепке айланып ошол жылдардан бери мектептин директорлук кызматын аркалап келүүдө.
Аялуу балдар жардамга муктаж
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун коргоо күнүнө карата Өзгөндъгү технология жана билим берүү институтунун студенттери Мырза-Аке айылдык аймагында жайгашкан М.Разаков атындагы мектеп-интернатында кайрымдуулук акциясын уюштурушту. Атын атаса куту сүйүнөт дегендей, балдарга арналып даярдалган концерттик программа, белек-бечкектер жана жайылган сый дасторкон балдар дүйнөсүн байытып, алар үчүн эстен чыккыс кубаныч тартуулады. Кайрымдуулук иш чарасын уюштурууда Өзгөн технология жана билим берүү институтунун жана мектеп-интернаттын педагогикалык жамаатынын орду чоё. Эё негизгиси, мектеп окуучулары менен институттун студенттеринин ортосундагы эки тараптуу байланыштарды чыңдоонун пайдубалы түптөлдү.