Абдибали Акимбеков: «АК ТАҢДАЙдан алп акындар чыгат»

Тээ байыртан келаткан, сөз кунары менен көркүнө чыккан төкмөлүк өнөр кыргыз элинин бактысына Теңирим берген белек. Баамчыл, сезгичтиги менен көргөнбилгенин, заманыбыздын ак-карасын, ысык-суугун, түрдүү оош-кыйыштарын кыраатына чыгарып уйкаштырып, жамгырдай төгүп айтуу төкмөлүк өнөрдүн төрөсү. Төкмөлүктүн алптары Жеңижок, Токтогул, Барпы, Калык, Арстанбек, Осмонкул өттү бул дүйнөдөн. Бул улуу төкмөлөрдүн айткандары кыргыздын рух-дөөлөт азыгы болуп, муундан-муунга үлгү катары жашап келет.

Ооба, ушундай улуу бабаларыбыздын көчүн улап келаткан таланттуу төкмөлөр кыргызда аз эмес, көп. Ушундайлардын бири-ата жолун улантып, казал берметтерин чубурта төгүп, терме айткан, көкүрөгүнө сөз берметтерин топтогон мыкты жигит айтылуу Чоң-Алайдан чыккан Абдибали Акимбеков. Ал 1996-жылы ордолуу Ошто «Ак таңдай» акындар ордосун уюштуруп, төкмөлүккө, дастан айтууга кызыккан өнөрпоздордун башын бириктирип, жетектеп келатат. Ага улай эле Токтосун Тыныбеков атындагы акындар мектебин ачты. Бул мектепте учурда өнөргө кызыккан улан-кыздар билим алышууда. Комузу колунан түшпөгөн Абдибали Акимбеков өзү негиздеген «Ак таңдай» акындар ордосун жетектөө менен, көп жылдан бери «ЭлТР» КТРК да эмгектенип, 2001-жылдан бери «Ак таңдай» автордук көрсөтүүсүн алып чыгуу менен, өз өнөрүн да тартуулап келатат.

Мезгилдер сыдыргысынан сынбай өтүп, ата-бабадан келаткан кыргыздын элдик өнөрүнүн туу чокусун Манас айтуу, төкмөлүк, комузчулук түзөт. Базар экономикасына шылтоолоп даңк-дүңк музыкага, интернетке азгырылган заманда бул өнөргө эмнегедир түштүк аймагында колдоо көп болбой жаткандай таасир калтырат . Улутубуздун күйүнүчүнө да, сүйүнүчүнө да ортоктош болгон төкмө акындарды колдоп, коштоп, көмөк көрсөтүүбүз абзел деймин. Андыктан, бул ыйык өнөргө кызыгып, анын өркүндөшүнө өбөлгө болом дегендерге, төкмө акындар менен ой бөлүшүп, колдоо көрсөткүсү келгендерге «Ак таңдайдын» эшиги ачык. Тел: (0551)360800. (0773)160353.

Чыгармачылыктын кош тизгинин кармаган Абдибали

Журтчулугубузга өчпөс өнөрү менен таанылып калган Абдибали Акимбеков бийик тоолорго, түрдүү кендерге, шаркырап аккан дарыяларга бай Чоң-Алайда туулуп, өскөн. Комузу колунан түшпөгөн, кичипейил Абдибалинин өнөрлүү инсан болушуна маркум атасы Бурхан Акимбековдун комузчулук, төкмөлүк өнөрүнүн таасири чоң болсо, бир чети өзү чоңойгон улуу тоолор арасындагы, таза аба, кооз жаратылыштын таасири десек болот.

 Каарманыбыздын атасы маркум, комузчу Бурхан аба учурунда Чоң-Алай эле эмес Ош аймагына чейин комуздун коштоосунда төгүп ырдаган киши болгон. Комузу колунан түшпөгөн Бурхан аба мезгилинде Мыскал, Эстебес, Токтосун менен замандаш болуп, алар аткарган чыгармаларды ийине жеткире аткарган. Бул кишинин өнөрүнө учурунда коомдук ишмер Султан Ибраимов да күбө болуп, ыраазычылыгын билдирип «Атай өлбөптүр» деген сөз айтканын анын уулдары эле эмес аны билгендер да айтышат. Ошентип ата өнөрүнө сугарылып чоңойгон Абдибали ак таңдай акын, дастанчылар Ашыралы, Эстебес, Замирбек, Тууганбай, Жолболдуну туу тутуп, төкмөлүк өнөргө такшалган. Ал алгач комуздун коштоосунда ырдап, төкмөлүккө, дастан айтууга кызыгып жүрүп чоң сахнага 1988-жылы Ош облустук филармониянын ачылышында А.Огонбаевдин «Ой булбул» аттуу чыгармасын ырдап чыккан жана ошол жерге жумушка орношкон.

Карапайым, эмгекчил үй-бүлөдө тарбияланган көп кырдуу талант А.Акимбековдун обончулук да шыгы белгилүү. Анын “Ош шаарым”, “Өткөн өмүр”,” Ким менен”, “ Сулууга”, ” Жакшылык элге кут болсун”, “Чоңалайым”, “ Алтынай” аттуу ырлары коомчулук арасында ырдалып жүрөт. Ал эми белгилүү өнөрпоздор КР Эл артисти Шахра Талипова «Ким менен» деген ырын аткарса, мыкты ырчы Кутман Жолдошев «Аманың тилеп жүрөйүн» деген ырын аткарып жүрөт. Ал эми комуз менен өзү аткарган “Самопалдын казалы”, “ Жолболдуга жооп” деген казалдарын эл кызыгуу менен укса, А.Бегимкулованын сөзүнө жазылган “Аялдан чыккан акылман” аттуу термесин, “Карылык”,” Ой булбул”, “Күйдүмчок”, “Айнагүл”, “Мөлмөлүм” аттуу чыгармаларды аткарып, угуучулардын купулуна толуп келет. Каарманыбыз өнөрүнүн арты менен өз өлкөсүндө эле эмес, бир нече жолу өзөктөш Өзбек, канатташ Казак элине, Кытай жергесинде өткөн эл аралык айтыштарда кыргыздын төкмөлүк өнөрүн жайылтып келе жатат.

Бараандуу жашоонун баркына жеткен Абдибали Акимбеков көптөн бери элибизге теле алып баруучу катары да таанылып, «ЭлТР» КТРКда «Ак таңдай» автордук көрсөтүүсү аркылуу «Оболо кыргыз кайрыгы», «Таңшы кайрык», «Кыштак четинде» сыяктуу телекөрсөтүүлөрдү алып чыгып келатат. Кыргызстандын булуң-бурчтарындагы белгилүү да, белгисиз да өнөр ээлери менен кызыктуу маектерди алып барганын көгүлтүр экрандан көрүп жүрөбүз. Ал 1994-жылы Өзбек, Кыргыз республикаларынын президенттеринин жолугушуусунда, 1995-жылы «Манас-1000» мааракесинде, Курманжан Датканын 180 жылдыгы сыяктуу республикалык мааракелерде төкмөлүк өнөрүн тартуулап келатат. Каарманыбыз уюштуруучулук жөндөмүн да көрсөтүп-2000-жылы «Ош-3000» мааракесин утурлап Борбор Азиядагы төкмө-акындар, 2002-2004-жылдарда түштүк аймагында төкмө-акындар фестивалдарын уюштурган. Ал эми 2001-жылы Өзбекстандын Термез шаарында акындардын фестивалында 1-орунду жеңип, байгеге ээ болгон.

Акимбековдун үзүрлүү эмгеги бааланып, КР Президентинин Ардак грамотасы, Маданияттын мыкты кызматкери, Мамлекеттик тил комиссиясынын, «ЭлТР дин мыктысы» төш белгилери менен сыйланган. Кыргызстанда өткөн жана эл аралык бир нече фестивалдардын лауреаты. Жубайы экөө 4 уул-кыздын ата-энеси.

«Ак таңдайды уюштуруу оңой болбоду»

Улутубуздун кубаныч-кайгысына ортоктош болуп келген комузчулук, төкмөлүк өнөр кыргыздын рух-дөөлөтү. Илгерки заманда бай-манаптардын адилетсиздигин комуздун коштоосунда айтып ырдаган белгилүү төкмө-акын Токтогул Сатылганов адилетсиздиктин курмандыгы болуп Сибирге айдалган. Сүргүндө жүргөн ак таңдай акынды комузу менен анын таамай айтып ырдаган сөздөрү сактап калыптыр. Токтогул бөлөк эл, бөтөн жерде канаты сынып жүргөндө карагайдан чаап алган комузу менен күү чертип, какшап ырдаган экен. Аны көргөн орус адамдары талантына таазим этип, жол азыгын камдап өз элине качышына жардамдашкан. Мына комузчулуктун, төкмөлүктүн күчү.

 Мына ушундай канында төкмөлүк, комузчулук өнөрү бар Абдибали Акимбеков биринчилерден болуп өз демилгеси менен 1996-жылы «Ак таңдай» төкмө акындар ордосун уюштуруп,аны жетектеп келатат. Акындар ордосунун негизги максаты-төкмөлүккө, дастан айтууга, комуз чертүүгө шыктуу инсандардын башын кошуп, аларга багыт берип эл алдына чыгаруу. Акындар ордосуна далай өнөргө кызыккандар келишти. Учурда калкка таанылып калган төкмөлүк өнөрү бар Шамырбек Тургунбаев баш болгон Ыдырыс Айтибаев, Жыпара Арзыматова сыяктуу өнөрлүүлөр алгач «Ак таңдайга» келишкен. Албетте, ар бир ишти уюштуруу ак эмгекти, каражатты талап кылары анык. Бул жагынан «Ак таңдайдын» башчысы акча каражаты кыйын болгонун жашырбайт. Ошентип, акындар ордосу негизделгенден бери далай-далай айтыштар, иш-чаралар уюштурулуп келатат.

Ооба, кылымдарды карыткан кыргыз өнөрлөрүн элге жайылтууда төкмө -акын Абдибали Акимбековдун эмгеги алкоого арзырлык.

«Токтосун Тыныбеков атындагы акындар мектебинде белгилүү өнөрпоздор сабак беришет»

 Ошентип «Ак таңдай» төкмө акындар ордосу түптөлдү, ал жерден далай комузчу, дастанчы, төкмө акындыкка кызыккандар сабак алышты. Ал эми улуу өнөргө кызыккан, дарамети бар, жаш улан-кыздар үчүн белгилүү төкмө акын «Токтосун Тыныбеков» атындагы акындар мектеби ачылган. Мектепке азырынча акын Токтосун Тыныбековдун уул-кыздары колдоо көрсөтүп келишүүдө. Ош шаарындагы Кыргызстан кинотеатрынын бир бөлмөсүндө уюшулган мектептин максаты-төкмөлүк, дастан айтууга дилгирленген инсандардын башын кошуп, аларга сабак өткөрүлүп, бул ыйык өнөрдү кантип алып кетүү керек экендиги боюнча багыт берип, сахна маданиятын да үйрөтөт. Өнөргө кызыккан жаш таңдайларга Ж.Алибаев, С.Шабданов, Т.Досбаев сыяктуу белгилүү өнөрпоздор багыт беришет.

Ал эми акындардын жакынкы пландары «Ак таңдайдын» жетекчиси Абдибали Акимбековдун айтуусунда- Ош шаарында өтүүчү эл аралык, Баткенде өтүүчү чоң айтыштарга даярдыктарды көрүүдө.

Гүлбара МАМАЗИЯЕВА,
Сүрөткө алган: Бекмамат АЙДАРКУЛОВ.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *