Өткөндөрдү эскерүү – тирүүлөрдүн милдети

Ооган согушу ХХ кылымдын 1989-жылдарында болуп өтсө да ушул күнгө чейин өзүнүн кесепеттерин унуттурбай келет. СССР деген улуу державада жашаган 15 республиканын ар биринен жоокерлер Ооган жеринде интернационалисттик милдетин өтөп келишкен. Канчасынын сөөгү темир табытта келбеди дейсиң. Канчалаган кырчын өмүрлөр кыйылып, канчалаган эне зар какшап, көз жаш төгүп, кан жутту. Ооган апааты ушундай унутулбас дак калтырып кетти.

Ооган согушуна Ош облусунан 2234 жоокер, анын ичинен Ноокат районунан 264 жоокер кандуу согушка барышкан. Алардын ичинен жалпы облус боюнча 72, ал эми Ноокат районунан 6 жоокер кайра келбей калган. Учурда райондо 210 Ооган согушунун ардагерлери жашайт. Жалпыга белгилүү болгондой, оболку Союздун 15 республикасынын ар биринде Ооганчылар уюму түзүлүп, аларга мамлекет тарабынан түрдүү жардамдар көрсөтүлүп турат. Ал эми Ооган согушунун ардагерлери да коомдук иштерге активдүү катышып турушат.

Жакында Ноокат районунда Ооган ардагерлери жаңы кеңселүү болушту. Бул саамалыктын ачылыш аземи кызуу белгиленди.

Ноокат районунун мурунку акими Камчыбек Салиев атайын имарат бөлүп берген. Мындан сырткары ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов, жеке ишкерлер Рустам Маманов, Нурлан Эргешовдор демөөрчүлүк кышкан. “Эки кабаттуу имараттын 1 бөлмөсү жетекчинин каанасы, экинчиси музейге айланды. Оңдоп-түздөө, актап-сырдоо иштери жүрдү. Мындан сырткары бул имараттын 1-кабатына дүкөн жана ашкана ачтык. Бул жерден түшкөн акча каражаттары уюмдун материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана ардагерлерибизди материалдык жактан камсыздап турууга берип турууга жумшалат. Ошондой эле жылда 15-февралда (Советтик Армиянын Ооганстандан чыгарылган күнү) жергиликтүү бийлик өкүлдөрү майрамыбыз менен куттуктап, белек- бечкектерди берип, моралдык-материалдык жардамдарды көрсөтүшөт. Биздин ардагерлер райондогу мектеп окуучулары менен «Интернационалисттик, жоокердик милдет деген эмне?», «Мекенчилдер», «Кыргызстан армиясы-менин армиям» деген темаларда түрдүү жолугушууларды өткөрүп, окуучуларды патриоттуулукка, намыскөйлүккө үндөп турабыз,-дейт Ноокат райондук Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Акылбек Ажибеков.

Бул жаңы кеңсенин жана музейдин ачылыш аземине жалпы республикадан келген Ооган ардагерлер кеңештеринин төрагалары, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Бекболот Айтиев, КР Өкмөтүнүн Ош областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Байыш Юсупов, ЖК депутаты, Ооган ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы Нурлан Төрөбеков, Ысык-Көл облусунун Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Бакыт Молдоканов, Ош облусунун Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Беделбай мырза катышышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Н. Төрөбеков Ооган согушунун ардагерлери Н. Жороев, Ж. Шеркулов, М. Эгембердиевге Ооган ардагерлеринин Россиялык кеңешинин атайын төш белгилерин ыйгарды.

Ооган согушунан кайтпай калган жоокерлердин эстелигине гүл- чамбарлар коюлду. Аскердик залы берилди. Бир мүнөттүк эскерүү болуп, куран окулду. Андан соң жаңы имараттын жана музейдин кызыл тасмалары кесилди.

 Келген коноктор бул музейдин мектеп окуучуларынын жана жаштарды патриоттуулукка, эрдикке, тайманбастыкка тарбиялоодо чоң мааниге ээ зар экенин баса белгилешти. Ылайым ошондой болсун.

З.КАМАЛОВА

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *