Паллиативдик жардам улантылат

Оштогу областтар аралык онкология борборунун жыйындар залында шаардагы дарыгерлер, медайымдар, медицина факультетинин студенттери, окутуучулар катышкан жыйында паллиативдик жардамдын 9 айлык долбоордун жыйынтыгы чыгарылды.

Толугу менен“Кыргызстан боюнча 2 пилоттук долбоор Ош жана Бишкек шаарында иштеп келүүдөө. Жардамга канча адам муктаж болду жана кандай жардам керек экендигин биз аны изилдеп, мындай ооруларды дарылоого паллиативдик жардам керек экендигин айтып түшүндүрүүдөбүз жана 9 айдын жыйынтыгын көрсөтүп атабыз”, – дейт онкология кафедрасынын башчысы Амангелди Жумабаев.

Кээ бир бейтаптар жыгылып калганда келет. Ошолор врачтарга да, өздөрүнө да көп кыйынчылыктарды туудурарын, ал эми 1 жылда 12000 адам кайрылса, анын баарында эле рак оорусу жок экендиги айтылды. Ош областы боюнча 1 жылда рак бейтаптардан 800 киши кайрылса анын 600үн дарыланса анын 200үн дарылана албагандыгы, анткени кеч кайрылгандыгына байланыштуу болгондугу айтылат.

Белгилей кетсек, долбоорду “Соорос Кыргызстан” жана “Саламаттыкты сактоо” фонду каржылап жардам берип келүүдө. Бул долбоордун экинчи этабы да уланаары жана Ош областына да жайылаары айтылды.

Анда медиктерге паллиативдик жардам тууралуу кеңири маалымат берилди. Оорулуу адамдарга биринчи кандай жардам көрсөтүү, анын айыкпас оорусу тууралуу кимге айтуу керек жана оорулууга кандай психикалык жардам көрсөтүү жөнүндө айтылды жана медицина кызматкерлерине кеңири окуу сабагы өткөрүлдү.

Психикалык бейтапты жана үй-бүлө мүчөлөрүн психикалык жактан жардам көрсөтүүчү адиси Ч. Рыспекова жана М. Шаназарова жана башкалар өз тажрыйбаларын бөлүшүштү.

Семинарга катышкан бардык дарыгерлер жана медайымдар кызыгуу менен кунт коюп угушуп, тиешелүү болгон суроолоруна алгылыктуу жооп ала алышты. Ошондой эле семинарды өткөргөн жана көмөк көрсөткөндөргө терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Паллиативдик жардам

Оштогу областтар аралык онкология борборунун паллиативдик медицина борборунда амбулатордук жардам мультидисциплинардык команда аркылуу паллиативдик жардам бейтаптын үйүндө акысыз көрсөтүлөт. Ал төмөндөгү көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшөт.

1.Физикалык- кыйналууга алып келүүчү симптомдор, алардын ичинен эң орчундуусу ООРУ;

2.Психикалык-бейтаптын жана үй-бүлө мүчөлөрүнө психикалык жардам көрсөтүү.

3. Социалдык-турак жай, жумуш, тамак-аш жана өз ара мамилелери менен байланышкан үй-бүлөнүн талаптарын камсыздоо;

4.Моралдык-өлүмдүн жана жашоонун маңызы, гармония жана макулдуулук жөнүндөгү суроолор.

Анда 2 дарыгер, 4 медайым, 1 психолог, 1 социалдык кызматкер эмгектенишет. Керектүү жагдайда төмөндөгү дарекке кайрылсаңыздар болот. Областтар аралык онкология борбору, Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин онкология кафедрасы. Ош ш., Ашимахунов көчөсү, 46. Сиз адистерди түз байланыш телефондору аркылуу чакырсаңыздар болот. (03222) 4-56-28, 08:00дөн 17:00гө чейин (03222) 8-05-30. 17:00дөн 08:00гө чейин. Дем алыш күндөрү (03222) 8-05-30.

Ж. МАМАТОВА,
Сүрөттөрдү тарткан: Б. Айдаркулов.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *