Аялуу балдар жардамга муктаж

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун коргоо күнүнө карата Өзгөндъгү технология жана билим берүү институтунун студенттери Мырза-Аке  айылдык аймагында жайгашкан М.Разаков атындагы мектеп-интернатында кайрымдуулук акциясын уюштурушту. Атын атаса куту сүйүнөт дегендей, балдарга  арналып даярдалган концерттик программа, белек-бечкектер жана жайылган сый дасторкон балдар дүйнөсүн байытып, алар үчүн  эстен чыккыс  кубаныч тартуулады. Кайрымдуулук иш чарасын уюштурууда Өзгөн технология жана билим берүү институтунун жана мектеп-интернаттын педагогикалык жамаатынын орду чоё. Эё негизгиси, мектеп окуучулары менен институттун студенттеринин ортосундагы эки тараптуу байланыштарды чыңдоонун пайдубалы түптөлдү.

Айтылып жаткан маалыматтарга караганда, Мырза-Аке айылдык аймагында жайгашкан М.Разаков атындагы мектеп-интернатында учурда 181 бала тарбияланып жатат. Мектеп-интернатта тарбияланып жаткан балдар каникул күндөрүндө ата-энелеринин, туугандарынын үйлөрүнө жөнөтүлөт. Жайкы каникул мезгилинде балдар Салам-Алик лагеринде  эс алышат. Албетте, балдардын кызыкчылыктарын коргоо маанилүү, бул багытта  жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыктары  тарабынан  аз камсыз болгон, тоголок жетим, жарым жетим балдарга ар тараптуу жардамдар көрсөтүлүп келатат.

Ата-эне мээриминен ажырап калган балдар  жаныбызда бар экендигин, маанай жылыткан жакшы сөз менен аяр мамилеге муктаж экендигин эстеп, аларды  көңүл сыртында унут калтырбашыбыз керек. Анткени, алар ар убак  ата-эне мээримин издейт…

                                                                                                    А.МАТИЕВА

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *