Вице премьер-министр Т. Сарпашев Ошто

Кыргыз Республикасынын вице премьер-министри Т.Сарпашев иш-сапары менен Ош облусунда болду. Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө облустагы жана шаардагы укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Б.Юсупов, Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу А.Байгазаков катышышты.

2010-жылы июндагы Ош-Жалал-Абад коогалаңынан жапа чеккен жарандарга мамлекеттик дирекция тарабынан жаңы буткөн үйлөрдү бөлүштүрүүдө жана мамлекет тарабынан берилген жардамдарды алууда мыйзамсыз көрүнүштөргө жол берилгендиги комиссиянын текшерүүсүнөн кийин такталып, ал укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген болчу. Мына ушул иштер азыр аягына чыгып калгандыктан вице премьер-министр укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан ушул иштердин жыйынтыгы боюнча маалыматын сурады. Маалыматка ылайык июнь окуясында жапа чекккендердин арасынан мамлекет тарабынан миллион сомду алып, квартира албай калган жарандардын мисалында, жарандарга үйлөрду бөлүштүрүүдө жалган документтерге жол берилгени, жапа чекпесе деле тааныш-билиш ыкмасы менен үй алып алгандар кездешкени, башка дагы түрдүү алашемдиктерге жол берилгени, үйлөрдүн калыс бөлүштүрүлбөгөнү айтылып, мыйзамсыз иштерге жол берилгендиги белгиленди. Т.Сарпашев бул иштерге жол бергендерди катуу сынга алды. Вице-премьер бул иштер ушул жылдын аягына чейин бүтүшүн тиешелүү жетекчилерге тапшырды. Ал үй алып берем деп акча чогулткан ортомчулардын тезинен токтотулушун, мындай алашемдиктерге жол берилбесин деген талаптарын айтты. Ал июнь окуясында жабыр тарткандар боюнча 90 % га жакын документтердин мыйзамсыздыгы аныкталганын, бул боюнча укук коргоо органдары тарабынан иш жүруп жатканын, учурда Ош облусу боюнча 49, ал эми Ош шаары боюнча 31 документ түшкөнүн, булар ведомстволор аралык комиссиядан ътсъ аларга квартиралар берилип, калган квартираларды социалдык же башка тармактарга бөлүштүрүп беришерин билдирди.

Г.МАМАЗИЯЕВА

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *