Талкан кайрадан досторконубузда

Бешене тер, ак эмгек менен иштеп, адал акча таап, балдардын ден-соолугу үчүн кам көрүп, бакубат жетилишине шарт түзүү аракетин жасаган ишкер айым Чолпонай Аматова Араван районунун борборунан ижарага чакан бөлмө таап улуу тарыхы бар улутман журтубуздун улуттук тамактарынын бири болгон талканыбызды “Кут талкан” аталышта эки түрдүү баштыкчага салып жасап чыгарганына 3 айдан ашты.

Баткен областында өткөн айыл чарба продукциясынын кайра иштеп чыгаруу жарманкесине, “Элет аялдары” майрамындагы көргөзмөгө, Ош шаарында өткөн Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу автономия республикасынын жарманкесине катышып, өз продукциясын сунуштаган..

Кытайдан келген Кызыл-Суулу ишкерлерден талкан сатып алууга кардарлар чыккан, ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков Араван районундагы иш сапарында райондун ишкерлеринин иштери менен таанышкан учурда Чолпонай айымдын “Кут талканын” көрүп, ага керектүү аппараттарды сатып алуу үчүн 25 миң доллар кредит берүүнү убада кылган.

“Аракетке-берекет” дегендей, иштерман жылындагы Ч. Айтматованын максаты көптөгөн аракеттеринен улам ишке ашып, телчигип жаткан кези. Анын эң жакын жардамчысы Аматов Абдыбек. Каарманыбыз беш адамды жумуш менен камсыздап чоң суммадагы маяна төлөп берүүдө.

Бешик той, жентек той берген ата-энелер кооз баштыктагы эки түрдөгү талкандарды сатып алып калышты. Балдарга атайын кооз баштыктагы талканды чачпай-төкпөй жеп жүрүшүнө шарт түзүлдү.

Канчалаган түйшүктөр артта калып, балдар үчүн витаминдүү ата-бабабыз колдонуп келген витаминдүү талканды калкыбыздын дасторконуна жеткирүү жана сатыкка чыгаруу максатын турмушука ашырган ишкердин эмки түйшүгү кардарларды көбөйтүү жана көп продукция чыгарууда турат.

Д.ЖУСУПБЕКОВА

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *