Жөнөкөй, бирок пайдалуу

ТУЗ

• Туздуу сууга чыланган чүпүрөккө сырды ороп туруп муздаткычка салып койсоңуз, сыр узак убакытка сакталат.
• Ичи май көмөчтанга текши кылып туз сээп, бир канча мүнөттөн соң жуусаңыз, май оңой кетип, ичи таза жуулат.
• Сүт ирип калбаш үчүн ага азыраак туз салып коюу жетиштүү.
• Тердеп, жыттанып кеткен бут кийимдин ичине туз сээп койсо, жагымсыз жыт жок болот.
• Сүлгүнү таза жууп-чайкагандан кийин туздуу сууга 15 мүнөт чыласаңыз, жупжумшак болуп калат.
• Пияз, сарымсак, балык жыттанган колду туз менен сүртүп, андан соң самындап жуусаңыз, жагымсыз жыт калбайт
• Бычакты өтө туздуу эмес сууга 30 мүнөт салып коюп, андан кийин гана курчутса, жакшы курчуйт жана көпкө мокобойт.

 

САМЫН

• Топурак, чаң, жер менен алектенип иштөөнүн алдында колуңузга самынды көбүртүп, жуубастан кургатып алыңыз да, андан кийин иштей бериңиз. Ошондо колуңуз кесилбейт.
• Атыр жыттуу самындын кесиндисин терезеге коюп койсоңуз, ал жерге курт-кумурскалар келбейт.

 

КУМШЕКЕР

• Нан, токочтор салынган идиштин түбүнө жука кылып шекер сээп койсоңуз, көпкө чейин катыбай жумшак сакталат.
• 1 литр жылуу сууга 3 аш кашык шекер, 2 аш кашык уксус кошосуз. Муну менен гүлдөрдү сугарсаңыз, курт түшпөйт жана топурагы семиз болуп, жалбырактары, гүлдөрү көпкө чейин соолубайт.
• Эгерде колуңуз май болуп калса, шекер менен сүртүңүз. Анткени ал майды оңой кетирет.
• Мештеги же очоктогу от жакшы күйбөй жатса, отко бир аз шекер сепсеңиз, ойдогудай күйө баштайт.

 

ТИШ ПАСТАСЫ

• Бут кийимиңизге тиш пастасын сыгып, аны алгач кургак, андан кийин ным чүпүрөк менен сүртсөңүз, бут кийимиңиз жаңы кезиндегидей жаркырап көрүнөт.
• Балаңыз тамдын бооруна карандаш менен сүрөт тарттыбы? Анда сүрөт тартылган жерди тиш пастасы жана щётка менен сүрүп тазалаңыз. Андан соң суу менен жуусаңыз таптаза болот.
• Колуңуз жагымсыз жыттанып калса, тиш пастасы менен жууп койсоңуз дароо кетет.
• Кирдеп калган үтүктү тазалаш үчүн да тиш пастасы колдонулат. Ал үчүн үтүк муздак кезинде бетине тиш пастасын сыгып, аны чүпүрөк менен сүртөсүз да, акырында жууп коесуз.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *