Өнүгүү жолундагы мектеп

Акбилек Мамажунусова – 1959-жылы Ноокат районуна караштуу Кареке айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин 1976-жылы Ош мамлекеттик педагогика институтунун педагогика жана башталгыч класс бөлүмүн аяктаган.  Өзүнүн эмгек жолун «Айбек» орто мектебинде башталгыч класс мугалими болуп иштеп баштаган. 13 жыл катардагы мугалим болуп иштеп, окуучуларга тарбия-билим берип, тажрыйба топтогон. 1994-жылы өзү демилге көтөрүп  Кареке айылында «Кареке» башталгыч мектебин ачып, мектеп башчысы болуп иштеп турган 2005-жылы бул башталгыч мектеп орто мектепке айланып ошол жылдардан бери мектептин директорлук кызматын аркалап келүүдө.

Райондук, облустук билим берүү бөлүмдөрүнүн , Билим берүү министрлигинин Ардак граммоталарынын ээси.

Билим берүүнүн мыктысы, Айылдык кеңештин 3 жолку депутаты.

Өткөн өмүр келечектин күзгүсү

Кареке айылы Ноокат районуна карайт. Бул айылдын окуучулары 5 чакырым алыстыкта жайланышкан Н. Крупская атындагы  орто мектебине жөө-жалаёдап, же райондун борборуна чейин автоунаалар менен катташчу. Айрыкча кыш күндөрү башталгыч класстын окуучулары аябай кыйналышчу. Буларды эске алган демилгечи мугалим Акбилек Мамажунусов элдин суроо- талабы менен  оңдоп-түзөп, актап-сырдап башталгыч мектеп ачкан. Албетте алгачкы жылдары оңой болгон жок. Чыдамдуулук, кажыбас кайраттын негизинде окуу-материалдык база чыңдалып отурду. Бул жылдары мектепте 80 окуучу, 4 мугалим иштеди.

2001-жылы ашар жолу менен кошумча имарат курулуп, айыл эли тикесинен тик туруп, бири тиреген, бири шиферин, дагы кум-ташын алып келип кол кабыш кылышты. Дагы бир айыл тургуну А. Тагаев 320 шифер алып берип, жаёы имарат 2003-жылы пайдаланууга берилди. Ал эми 2005-жылы орто мектепке айланды. Учурда оболку «Кареке» азыркы Б. Абдиев  атындагы орто мектебинде 233 окуучуга 23 мугалим билим-тарбия берип келет.

Инновациялык усулдар – жеткиликтүү билим

Жыл өткөн сайын окуучулардын билим деңгээли өсүп барат. Бул мектептен билим-тарбия алган окуучулар азыр республиканын булуң-бурчунда окуп-иштеп жатышат.

Мугалимдер ар жыл сайын түрдүү семинарлар, курстарга барып, билимин өркүндөтүп келишет. Айыл аймагындагы башка мектептердеги мугалимдер менен тыгыз байланышта иштеп, сабактарга катышып, тажрыйбаларын алмашып туруу салтка айланган. Талыкпаган аракеттер, чыгармачылык менен иштөө ар дайым натыйжасын берип келет. Бул нерсени окуучулардын аймактык, райондук, облустук олимпиядаларда байгелүү орундарды алгандыгынан эле байкаса болот. Айрыкча, кыргыз тили жана адабияты сабактарынан катышкан окуучулар жакшы жетишкендиктерди камсыз кылышууда. 11-класстын окуучусу Зиядин кызы Перизат, Асан кызы Диана алган англис тилинен Калмаматжан уулу Абдулла, химия сабагынан Тагдырали кызы Адинай, Манас кызы Наима кыргыз тилинен алдыңкы орундарга чыгышкан. Өткөн окуу жылынын аягында улуттук тестке катышкан 6 окуучу азыр жогорку окуу жайдын студенттери.

Аттокурова Айтбу, Аширова Замира, Асанова Айнуска, Исламидин кызы Айжаркын, Боромбаева Асилкан, Бектанов Түмөн, – билим берүүнүн алдыңкылары, окуучулардын сүйүктүү  агай-эжекелери.

Инвестиция – өнүгүүгө өбөлгө

Мектепте шарт жакшы болсо окуучулар билим алууга, ал эми мугалимдер билим берүүгъ ынтызар болушат эмеспи. Бул көз караштан алып караган да мектептин директору Акбилек Мамажунусов демөөрчүлөр жана фонддор менен иштешүүнү жолго койгон. Ошондогу Жогорку Кеңештин депутаты А. Марипов жардам берип, түрткү берүүчү гранттан 680 миң сом бөлдүрүп берген. Бул акча жаңы имараттын ичи-сыртын шыбаганга, коридорлоруна кафель бастырууга жана кээ бир эмеректерди сатып алууга, жылытуу системасын орнотууга, мектептин астын цементтөөгө жумшаган.

Мектепке заманбап техникаларды алуу зарылдыгынан улам АРИСке долбоор жазылып, 150 миң сомдук компьютер, ксерекс, принтерлер, дагы 150 миң спорт инвентарлары спорттук кийимдер,500 миң сомго окуучулар үчүн мончо, Мерси-Ко уюму тарабынан 150 миң сомго ажаткана курулган. Ал эми ФИНКА компаниясы тарабынан башталгыч класстарга алиппе, ручка, дептерлерди белекке берилген. «Эң мыкты» деген баалар менен бүткөн 1-окуучуга демөөрчү болушат, азыр анын контрагын  төлөп беришүүдө. Кийинки окуу жылында мектептин эшик-терезелерин жаёылап берилмекчи.

Алдыдагы максат-мектептин көйгөйү болгон спорт зал менен ашкананы куруп алуу. Анда, сөз соңунда тилегиңер ишке ашсын демекчибиз.

Зыягул КАМАЛОВА

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *