Мен дарыгер

Кыргыз эли өзүнүн меймандостугу жана сөз баккан улуулугу менен  башкалардан айырмаланып турат. Акынмын дегендер эле эмес,  ар бир кыргыз жамактатып сөз айтып,  ыр жандуу. Айтайын дегеним, Турсуналы Матазимов деген ысымды көпчүлүк буга чейин дарыгер катары эле тааныган болсо, окурман журту азыр аны ыр жазган акын катары да жакшы таанышат. Жакында анын калемине таандык “Мен дарыгер” аталыштагы ырлар жыйнагы жарык көрдү. Анда автордун өзүнүн чыныгы турмуштан алынып жазылган ой толгоолору, мааракелик каалоо тилектери жана сатиралык ыр саптары киргизилген.

Турсуналы Матазимов  өз кесибинин устаты, ал аркалап келаткан дарыгерлик кесибин ыры  менен жуурулуштуруп, саламаттыкты сактоонун алтын эрежелерин жөпжөнөкөй сөздөр менен айтып, жеткиликтүү тил менен окурмандарга тартуулап отурат. Анын алпейим  мүнөзү, орду-орду менен сөз тапкан адамгерчиликтүү асыл сапаттары дарыгерлик адистиги менен төп келип, калеминен жаралган чыгармалар окурмандарды кайдыгер калтырбайт.

Анын буга чейин маал-маалы менен жазып келген ырлары басма сөз аркылуу жарыяланып келатат. Ал дарыгерлик адистикти тандаган калемгер, анын акындык талантын эл тааныйт. Ал, бир катар авторлор менен жарык көргөн “Өзгөн дүбүртү” жана “Ырымды сага арнадым”деген китептери менен белгилүү. Аты аталып жаткан китептин автору 1951-жылы Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айылдык аймагынын Түз-Бел айылында туулган. Учурда ал Оштогу Мамакеев атындагы санаториялык-профилакторияда директордун орун басары, башкы дарыгер болуп иштөөдө.

“Мен дарыгер” аталыштагы ырлар жыйнагы аты эле айтып тургандай,  көбүнчө өзүнүн башынан өткөргөн , дарыгерлик турмушунан алынган ырларга жык толгон. Анын каармандары негизинен дарыгер кесиптештери болуп эсептелет. Ошондой эле, өзүн окуткан мектеп мугалимдери, эмгек ардагерлери, өзү жакшы билген, өзүнө жакын  куршаптык жердештери жөнүндө жазган. Аларды учуру келсе мактап, кемчиликтерин жашырбай таасын сындап, саптардын уйкаштыгына да өзгөчө къңүл бөлгөн . Албетте, Т.Матазимов чыгаан акындар сыяктуу ири поэтикалык табылгаларды таап, өзүнүн акындык мектебин жарата албаганы менен, анын ыр жандуу инсан экендиги китебин адеп барактаганда эле байкалат.

Анын ойду жөнөкөй тил менен түшүндүргөн окумдуу, таасир калтырган ыр саптары нукура элдик поэзияга жакын. Элдин тажрыйбалуу дарыгери учурда акындыкка арбалып, ыр жазуунун түйшүктүү жолуна түшкөн. Анткени, анын ырларын сүйүп, күтүп окуган өзүнүн окурман журту бар.

А.МАТИЕВА

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *