«Манас» эпосу-улуттук идеологиянын уңгусу

Кара-Кулжа районундагы Эргеш Осмонов атындагы гимназия класстары бар орто мектебинин базасында «Манас» эпосу боюнча «Манастын Кара-Кулжага келиши» – деген темада уюштурулган райондук семинар болуп өттү.

Ага Ош областтык билим берүү институтунун башчысынын орун басары Акуш Асанбаев, Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Каныбек Алиязов, Кара-Кулжа райондук элге билим берүү бълүмүнүн башчысы Пирим Ашурбеков, райондогу мектеп директорлору жана кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышышты.

Семинарга келген конокторду «Манастын 40 чоросу» аталган 40 жигит ураан чакырып, тосуп алышты.

Манасчы Сагынбай Орозбаковдун айтуусунда:

«Кароолдуктун тоосунан,
Карыя Бакай абасы,
Көбүн атып салыптыр.
Акыр заман журтуна,
Кара-Кулжа атагы,
Так ошондон калыптыр.
Капкара болгон кулжадан,
Элүү төртүн атыптыр,
Кара-Кулжа атакка,
Жер атагы калыптыр», (2-том, 170-бет) -деп жазылгандай, мектеп окуучулары «Манастын Кара-Кулжага келишин» чагылдырган үзүндүнү аткарып беришти.

Семинардын катышуучулары мектептеги «Манас» залы жана «Манас» кааналары менен таанышып чыгышты.

Андан соң аталган коноктор 3 топко бълүнүп ачык сабактарга катышышты.

1-топту «Айкъл Манас» (эпостогу Манастын айкълдүгү темасында кыргыз тили жана адабияты мугалими Нуржамал Чобоева жетектеди.

2-топту «Манас»-кыргыз рухунун туу чокусу темасында кыргы тили жана адабияты мугалими Замира Баатырова жетектеди.

3-топту «Эпосто Көкөтөйдүн ашынын берилиши» темасында кыргыз тили жана адабияты мугалими Жумашева Света жетектеди. Ачык сабакта окуучулар аталган темалар боюнча тапшырмаларга жооп беришип, макалдарды чечмелеп беришти. Андан кийин мектептин салтанат залында «Семетейдин Сарытазга жолугушуусун», «Манастын Каныкейге жолугушуусунун» сахналык көрүнүш аткарып беришти.

Семинардын негизги максаты: улуттун идеологиясынын уңгусу болгон «Манас» эпосун окутууда жүргүзүп жаткан иштер менен тааныштыруу жана аны жайылтуу болуп эсептелет.

Семинардын жыйынтыгыда аталган мектептин бир топ мугалимдерине Ош областтык мугалимдердин билимин өркүндөтүү бөлүмү тарабынан Ардак грамоталар тапшылды.

Ж.АБЫЛКАСЫМОВА

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *