«Манас» үчилтиги ЮНЕСКОнун Маданий мурастарынын тизмесине Кыргызстандын атынан катталды

Ата-бабалардан баа жеткис байлык катары мураска калган Манас эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине Кыргызстандыктардын атынан катталды. Маалыматка ылайык, ЮНЕСКОнун Өкмөттөр аралык комитетинин кезектеги 8-жыйынында угузулган кубанычтуу кабарды уккан соң кыргызстандык топту баштап барган Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков ЮНЕСКО өкүлдөрүнө  ыраазычылыгын билдирди. Ал жерде кыргызстандык кичинекей манасчы Манас айтып, андан ары манасчылар улап кетишти. Азербайжандын Баку шаарында өткөн бул жыйынга 164 мамлекеттин өкүлдөрү катышышты. Бул  ийгиликке жетүүдө Жогорку Кеңештин депутаты, ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссияны жетектеп барган Карганбек Самаков баштаган топтун эмгеги чоң экенин белгилеген Жогорку Кеңештин төрагасы А.Жээнбеков кыргыздын маданий элчиси катары анын ат көтөргүс иш жасаганын баса белгилеп, жалпы кыргызстандыктарды бул сыймыктуу окуя менен куттуктады.

Манас эпосу жарым миллиондон ашуун саптан туруп, өзүнө Манас, Семетей, Сейтек деген үчилтикти камтыйт. Манастын 1000 жылдыгы 1995-жылы Таластагы «Манас Ордо» комплексинде эл аралык деңгээлде белгиленген. Көлөмү менен Гиннес китебине кирген Саякбай Каралаевдин вариантында 500553төн ашуун саптан турган Манас үчилтиги ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине кириши кыргыз эли үчүн баа жеткис.

2009-жылы Манас эпосу Кытай Эл Республикасынын атынан кыргыздын эпосу катары катталып, коомчулукта чоң талкуу болгон эле. Эми болсо көптөн күткөн чечимдин кабыл алынышы коомчулукту да кубантты.

Г.МАМАЗИЯЕВА

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *