Ийгилик изденүүдөн жаралат

Сатыбалдыева Багда 1958-жылы Кыргыз-Ата айылында туулган. Орто мектепти аяктаган соң, 1974-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна тапшырып, аны 1978-жылы ийгиликтүү аяктаган. Адистиги математика мугалими.  Ушул эле жылы  «Кызыл-Теит» орто мектебинде математика мугалими болуп иштеп,  агартуу айдыңына өз чыйырын салган. Өзүнүн 35 жылдык эмгек стажында ал билим уясынан көптөгөн жаш жеткинчектерди учурган. Азыр ал окуткан окуучулар республикабыздын булуң-бурчтарында мамлекеттик жумуштарда иштешүүдө.

Ал эми 2007-жылдан  «Беш-Коргон» орто мектебинин директору болуп иштеп келе жатат. Ал  КР «Билим берүүнүн мыктысы»  төш белгисинин ээси. Көптөгөн Ардак грамоталарга татыган. Жолдошу Омоналы Көчкөнбаев да агартуу тармагында көп жылдардан бери иштейт.

Ноокат районуна караштуу «Беш-Коргон» айылынын окуучулары 3 чакырым алыста жайланышкан коңшу айылдагы «Кызыл-Теит» орто мектебине барып окушчу.  Башталгыч класстын окуучулары  айрыкча кыш мезгилинде аябай кыйналып, барып келишчү. Акыркы мезгилдерде мектепке баруу өзүнчө бир чоң көйгөйгө айланып калган. Мына ушул көйгөйгө 2007-жылы  чекит коюлду. Айылга «Беш-Коргон» толук эмес мектеби ачылды. 15 мугалим эмгектенди. Алгачкы  аракеттер окуучулардын билим деңгээлин көтөрүүгө багытталды. Мектепке барчу жолдун узактыгынан окуучулар арып, чарчап, курсактары ачып калышчу. Калтырап-титиреп, курсак курулдап отурса, кайсыл билим акылга кирмек. Муну эске алышкан жаңы мектептин жаңы жамааты жаңыча усулдар менен билим берүүнү клого алышып, белсене киришишти. Материалдык-техникалык база чыңдалды. Коомдук фонддор менен иш алып барышат. Ал эми 2009-жылы орто мектепке айланды. Тынымсыз аракеттердин натыйжасында окуучулардын билим сапаты мурдагыга салыштырмалуу бир кыйла жакшырды.

С. Базарова, Ф. Бототаева, Э. Ирисбаева, Т. Акибаева, А. Матисманов, М. Узакова жана Мартаба Ашимовалар билим берүүнүн алыңкылары жана тажрыйбалуу мугалимдер. Учурда мектеп электр менен жылытылат. Жылытуу түтүктөрү атайын техникалык кароодон өтүп, текшерилген.

Өткөн окуу жылында райондук билим берүү тарабынан 6 компьютер берилген. АРИС уюму менен иштешип,  класстык кааналар ремонттолгон. Мерси-Ко уюму тарабынан класстарга эмеректер алынган. Ал эми заманбап Мектеп имараты кичине болгондуктан 11 класс комплекти гана бар. Спорт зал, китепкана, директордук каана жана ашкана жок. Башталгыч класстын окуучулары мамлекет тарабынан бериле турган чашке тамакты мектептин коридорунда ичишет. Стол, стул, идиш-аяктар коридордун бир бурчунда жайылып турат. Айтор, жетиш-тартыш турмуш болсо да мугалимдер жамааты өз ишмердүүлүктөрүн улантып келишүүдө.

Эгерде электр жарыгы өчүп кала турган болсо, көмүр менен жылытышат.  Бул үчүн жетишээрлик көмүр түшүрүлгөн.

Окуучулар китеп менен 75 пайыз камсыз болгон.  Бул деген сөз китептер толук жетиштүү эмес дегендик. Ошол жетишпеген китептерди толуктоо максатында Ноокат райондук билим берүү бөлүмү китептерди көчүрмөдөн чыгарышууда. Жакында бул китептер колго тиймекчи.

Зыягүл КАМАЛОВА,
Сүрөттөрү автордуку.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *