Элесиңиз эсибизде түбөлүк сакталат

Кыргыз Республикасына аты таанымал, белгилүү журналист жана  жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер “Ош жаңырыгы ” гезитинин башкы редактору Моңолбаев Талантбек Шарипович гүлгүн жаш курагында, чыгармачылык сересинин ту чокусунда  турган кезинде капилеттен оорунун айынан 2013-жылдын 16-декабрында  бул жарыкчылык менен коштошту. Бул үй-бүлөсү жана жамааты үчүн,  коомчулук үчүн орду толгус жоготуу.

Талантбек Шарипович 1961-жылы 3-майда  Ош областындагы Кара-Кулжа районундагы Капчыгай айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Орто мектепти бүтүргөн соң Москвадагы Ломоносов атындагы мамлекеттик университетинин журналистика факультетине тапшырып, аны  ийгиликтүү аяктаган. Өзүнүн эмгек жолун 1985-жылы Кыргыз телетайпттык агенттиги – ТАССтын   кабарчысы болуп иштөө менен баштаган. 1986-жылдан 1991-жылга чейин мурунку “Ленин жолу”, азыркы “Ош жаңырыгы” газетасынын атайын кабарчысы, котормочу, бөлүм башчысы кызматтарында иштеген.

1993-1994 жылдары – Ош областынын мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынын жетекчиси, 1994-1995 жылдары — Ош областтык “Ош жаңырыгы” газетасынын башкы редактору болуп иштеген. 1995-жылдан  1996 –жылга чейин- Туризм жана спорт боюнча Ош областтык комитетинин төрагасы, 1996-жылдан 1998 жылга чейин — Ош областынын мамлекеттик администрациясынын башчысынын – губернатордун басма сөз катчысы, 1998-2009 жылдары – Ош шаардык  “Ош шамы” (“Вечерний Ош”) газетасынын башкы редактору кызматтарын аркалаган. 2009-2010-жылдары Түштүк регионунун областтар аралык эркин элдик “Эл маселеси” гезитинин башкы редактору жана ээси болгон. 2010-жылдын август айынан бери ушул убакка чейин Ош областтык “Ош жаңырыгы” гезитинин башкы редактору кызматында иштеп келген. 1995-2000 жылдары Кара-Кулжа  районунун Капчыгай айылдык Кеңешинин депутаты болгон.

1999-2003 жылдары — Ош шаардык Кеңешинин депутаты болуп турган. Моңолбаев Талантбек Шариповичтин эмгеги бааланып, Кыргыз Республикасынын  Ардак  Грамотасы, “Манас 1000”,  “Ош-3000”, “За  заслуги”    медалдары менен сыйланган. Ошондой эле Кыргыз  Республикасынын журналисттер союзунун, Ош областтык жана шаардык Кеңештердин, Ош областтык  мамлекеттик администрациясынын жана Ош шаардык мэриясынын бир нече Ардак грамоталары менен сыйланган.

2004-жылы — Борбордук Азия боюнча регионалдык массалык  маалымат каражаттарынын башкы редакторлорунун арасындагы сынактын женүүчүсү катары Швецияда медиа менеджмент боюнча семинарга катышкан. 2010-жылы Украинанын борбору Киев шаарында өткөн Европа жана Азия Медиа – 2010 форумунун катышуучусу болгон.  Кыргыз улуттук Жазуучулар Союзунун жана СССР,  Кыргызстан   журналисттер союздарынын  мүчөсү болгон.

Акын жана жазуучу,  белгилүү памфлетист Талантбек Моңолбаев “Дил балкым” “Калем саптагы шишкебек”, ”Эл чыгааны”  китептеринин автору.

Талантбек Моңолбаев Кыргыз журналистикасына өз чыйырын салып, Советтер доорундагы жана  эгемендүүлүк жылдар ичиндеги журналисттер плеядасында өзгөчө орунду ээлейт.  Кыргыз журналистикасынын жаш кадрлар менен толукталышында, жаш кадрлардын тарбиялануусунда өз орду бар.

Өзүнүн эмгеги менен областыбыздын социалдык-экономиканын өнүгүшүнө өз салымын кошкон. Мамлекеттин жүргүзгөн саясатын калк арасына жеткирүүдө талыкпай эмгектенген.  Экономикалык кыйынчылыктарга карабастан газетанын үзгүлтүксүз чыгуусун жогорку деңгээлде уюштурган. Кайсыл жерде иштебесин мыкты жетекчи, мыкты уюштуруучу экендигин тастыктаган. Дайыма жамаат арасында кадыр-баркка ээ болгон.

Моңолбаев Талантбек Шариповичтин жаркын элеси түбөлүккө  эсибизде сакталат. Топурагы торко, жаткан жери жайлуу болсун. “Ош Жаңырыгы” гезитинин жалпы жамааты, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

3 comments

  1. мээрим says:

    Аллахым бейишин насип этсин!!!

  2. Гульэра says:

    Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, уй булосуно, жакындарына конул айтам, кайгынарды тен болушом. Бактыгул эже сабыр кылыныз, пендечилик((((

  3. admin says:

    Топурагы торко, жаткан жери жайлуу болсун.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *