Чыңгыз Айтматовдун туулганына 85 жыл

Ош мамлекеттик юридикалык инстиутутунда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылык дүйнөсүнө арналган тегерек стол уюштурулду. Мында катышкан студенттер менен мугалимдер жазуучунун басып өткөн өрнөктүү өмүр жолу жана терең мазмундуу чыгармалары боюнча ой бөлүштү. Айрыкча чыгармаларындагы патриотизм, гуманизм темаларындагы образдар боюнча кызуу талкуулар жургузүлдү. Бул күнү катышуучулар  Айтматовдун чыгармаларындагы каарамандарды чагылдырган сүрөттөрдүн көргөзмөсүнө да күбө болушту.

Адабий талкууда катышкан ОшМЮИнун ректору юридика илимдеринин кандидаты, профессор Эгемберди Токторов  залкар жазуучубуздун көркөм дүйнөсүнүн тарбиялык темасы түбөлүкө үлгү болуп каларын айтып өттү. Окумуштуу мугалимдер Төрөбай Насыров, Гүлнара Кадыровалар чыгармалардагы каармандар аркылуу жазуучу бүтүндөй ааламга  чыныгы адам болууга чакырык таштагандыгын далилдеп беришти. Андан ары студент жаштар да Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча өздөрүнүн ой-пикирлерин билдиришти.

Иш чаранын аягында таланттуу студенттер  жазуучунун чыгармаларынын негизинде сахналаштырган образдуу сюжеттерди өздөрүнүн аткаруусунда көрсөтүштү. Айрыкча Айзат Сатыбалдиева, Камчыбек уулу Кудаяр жараткан образдар көрүүчүлөрдүн алкышына арзыды.

Сабыр Буркашев

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *