Балдардын чыгармачылыгы артууда

«Иштерман» жылына карата улутубуздун улуу мурастарын көөнөрбөс өнөр билим аркылуу жайылтуу жана улантуу максатында «Урпактардын улуу мурастары» аттуу  облустук  көргөзмө сынагы Ош шаарындагы облустук балдардын чыгармачылык борбору тарабынан болуп өттү.

Облустук көргөзмө-сынакка «Кийиз керемети», «Кагаз касиети», «Чопо өнөрү», «Жыгач уста», «Жаратылыш жарманкеси» номинациялары боюнча облустук балдардын чыгармачылык борбору, Алай, Араван, Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн району, Өзгөн шаары, Кара-Кулжа, Чоң-Алай райондорунун окуучулары катышышып, өз колдорунан жасалган эмгектерин көргөзмөгө коюшту.

Жаш өнөрлүү балдарды колдоо жана алардын эмгектерин  туура,  так, калыстык менен баалоо максатында ушул багытта эмгектенип, мамлекеттик сыйлыктарга жетишип,  илимий даражаларга ээ болгон атайын адистер, жогорку окуу жайдын окутуучулары көргөзмө-сынактын калыстар тобунун мүчөсү жана демөөрчү болуп беришти.

Сынакта көпчүлүктүн ичинен суурулуп, өздөрүнүн кол чеберчилигин мыкты даярдап келген окуучулар  алдыңкы орундарга жетишип алар Ардак грамота, баалуу жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *